ЭЛДИК КАБАР: "Тез жардамга" 1 саат бою чалып, байланыша алган жокпуз. Алар иштейби?" дейт Бишкектин тургуну

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылды. Анда ал "Тез жардам" кызматынын ишине наарызычылыгын билдирди.

"Түндө балам ооруп чыдабай таң атканча ыйлап чыкты. 103, 112ге түнкү 1ден 2ге чейин тынбай чалдык такыр жооп беришкен жок. Анан менчик "Тез жардам" кызматына чалдык. Алар деле жооп беришкен жок.

Булар кечки нөөмөттө иштейби же уктаганга барышабы? Пандемия, оору күчөп турган убакта адамдын өмүрү менен ойнобой жоопкерчиликтүү мамиле кылышпайбы?" - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан