Футбол боюнча башкы машыктыруучу Александр Крестинин "Дордой" клубундагы машыктыруучулук кызматын токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан билдиришти.
Александр Крестинин "Дордой" футбол клубуна машыктыруучулук кызматка 2017-жылы июнь айында дайындалган. Анын жетекчилигинде клуб 4 ирет (2018, 2019, 2020, 2021-жылдары) КПЛде (кыргыз премьер лигасы) чемпион болууга жетишти. Ошондой эле 2 жолу өлкө кубогун (2017, 2018-жылдары) жана 2 ирет (2019, 2021-жылдары) өлкөнүн супер кубогун жеңип алышты.
Машыктыруучу аталган клуб менен 169 беттеш өткөргөн.
Эске салсак, учурда Александр Крестинин улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп эсептелет.