Бишкектеги №8 автобус кабылган кырсыктын жабырлануучуларынын бүгүнкү күнгө карата абалы

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 29-октябрда №8 автобустун катышуусунда катталган жол кырсыгында жабыркагандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, кырсык 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон. Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алган 12 адам №4 шаардык клиникалык ооруканага кайрылышкан. Алардын ичинен 4 адам ооруканага жаткырылып, дарылануусун улантууда, калган сегизинин жаракаты жеңил болгондуктан амбулатордук дарылануу үчүн үйлөрүнө жиберилген.

Учурда бул окуя боюнча жабыркагандардын ден соолугуна келтирилген зыянды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, ал эми кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн соттук-автотехникалык экспертиза иш алып барып жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан