Армения коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады

Армениянын өкмөтү бүгүн, 16-мартта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Өзгөчө кырдаал режими бир айлык мөөнөткө созулат жана мындай чара (COVID-19) коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам киргизилген. 16-март саат 17:00гө карата Арменияда өзгөчө кырдаал жарыяланганын өлкөнүн юстиция министри Рустам Бадасян атайын жыйында билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Арменияда коронавирус жуктуруп алуу боюнча 30 учур катталып, 400гө жакын адам карантинде жатканы маалым.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан