Жаратылыш газынын акысын убагында төлөбөгөндөргө туум эсептелбейт

Коронавирус пандемиясынан улам, апрель, май жана июнь айларындагы керектелген жаратылыш газына болгон төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөргө туум эсептелбейт. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов брифинг учурунда айтты.

"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Отун энергетикалык комплексинин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги "Газпром Кыргызстан" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында, калкты, өнөр-жай ишканаларын үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу жана керектелген жаратылыш газын үч ай бою (апрель, май, июнь) төлөбөгөн үчүн туум эсептелбейт", - деп билдирди Осмонбетов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан