“Кыргызстан “Кумтөрдү” улутташтырууга барса, аны “Центеррадан” бекер, эч кандай компенсация төлөбөй алып коюшубуз мүмкүн”,- деди ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйында. Айтымында, “Центерра” экологияга 5-6 миллиард долларлык зыян келтирди. Бул боюнча Жети-Өгүз райондук сотуна кайрылып, чечим чыгартуу керек.
“Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы экология эмне экенин эң жакшы билет. Кыргыз тараптын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарып беришине ишенем. Ошентип экологиябызга келтирген зыяндын эсебинен “Кумтөрдү” “Центеррадан” бекер алып, алтургай моюнуна карыз илип койсок болот“,- деди Текебаев.