Бишкекте Эл аралык билим берүү жарманкеси өтөт

Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында 14-ноябрда эл аралык билим берүү жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын  Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

         

Ага Кыргызстандагы АКШ жана башка өлкөлөрдүн элчиликтеринин, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Аталган элчиликтин өкүлдөрү жана “EducationUSA” кеңешчиси Америкада билим алуу жөнүндө презентация жасайт. Жарманкенин катышуучулары чет өлкөдө билим алуу программалары, виза алуу жараяндары жөнүндө маалымат ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан