Орусияда полиция тарабынан токмоктолгон адам 21 жаштагы Кыргыз жараны экени аныкталды. Ал 500 рубль айып төлөдү

Орусияда полиция тарабынан токмоктолгон адам 21 жаштагы Кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуя Москвада 2021-жылдын 2-ноябрында болгондугу аныкталган.

Ошондой эле Москва шаарынын Хорошевский районунун полиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгү такталды", - деп билдиришти элчиликтен.

Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Орусиянын ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдогон.

Окуяны объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Москва шаарынын Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды. Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Өз кезегинде элчилик полиция тарабынан кармалган Кыргыз жараны 500 рубль айып пул төлөп чыкканын белгиледи.

Буга чейин блогер Ринат Усупбаев Орусияда эки полиция кызматкери белгисиз жаранды сабап жаткандагы видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам Кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
orun
2021-11-04 16:01:27
Ошондо полицейден токмок жегени үчүн 500 рубль айып рул төлөдүбү? Бред какое-то...
+5
Usmanbekali
2021-11-04 16:10:38
Даагы жакшы 500рубль төлөп кутулуп тур,даагы бир кылмышты илип террорист деп камап ийбеген....
+12
Sajakat14
2021-11-04 21:23:42
Тил окуп башка мамлекеттерде иштегиле өнүккөн! Океңдер сабаса деле жабыша бербей.
0
Mister-XXX
2021-11-05 16:11:14
Sajakat14,Эмне башка мамлекет жыргатмак беле.Кайсы жерде журсон да чужойсун.
0
Birimdik5555
2021-11-05 00:30:55
Эмне кылганы учун ур токмокко алыптыр баланы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан