Чүйдүн Жайыл районунда 18 жаштагы жаран ооруканага оор абалда келип түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
24-октябрда Жайыл РИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 18 жаштагы жаран оор жаракаттар менен келип түшкөнү боюнча кабар берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Сотко чейинки териштирүү иштеринде жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү катары 24 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.