Бишкек шаарынын Военно-Антоновка айылында жайгашкан "Риом" унаа базарындагы "Унаа" транспорттук каттоо бөлүмү 7-ноябрь майрам күнү кадимки режимде иш алып барат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар аралык каттоо кызматын көрсөткөн "Унаа" мамлекеттик мекемеси 6-7-ноябрь күндөрү иш алып барат. Ал эми 8-9-ноябрь күндөрү эс алуу күндөрү болору айтылат министрликтин маалыматында.
"Унаа" мамлекеттик мекемеси адатта ишембиден шаршембиге чейин саат 8:30-17:30 аралыгында (12:00-13:00 түшкү тамактануу убагы) иштейт. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү мекеме үчүн иш күнү эмес.
Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь күндөрү өлкөдө тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Быйыл, 7-ноябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен дүйшөмбү күнү да эс алуу күнү деп жарыяланган.