Борбордук шайлоо комиссиясында автоматтык эсептөөчү урналар жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК бүгүнкүгө карата участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуштарды кол менен саноонун аяктаганын, ал партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн, ошондой эле коомдук байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөндүгүн түшүндүрдү.
Азыркы учурда округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарын серверге жүктөөнү аяктоодо, аяктагандан кийин ал маалыматтар сайтта жарыяланат.
БШК жана Жарандык көзөмөл комитети автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) маалыматтарынын жана добуштарды кол менен саноонун аныктыгын көз карандысыз түрдө текшерүү үчүн топ түзүүнү сунуштады. Учурда шайлоого катышкан саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнөн, коомдук байкоочулардан саясий партиялардын өкүлдөрүн топко киргизүү жөнүндө сунуштар түшүүдө.
Бул топ маалыматтарды АЭУдан алынган маалыматтарды текшерүү жана бюллетендерди кол менен саноо үчүн участокторду тандап алат; партиялардын байкоочулары жана коомдук байкоочулар ар бир шайлоо участогунан алган отчёттор менен БШКнын сайтындагы АЭУ боюнча маалыматтарды салыштырат, маалыматтардын аныктыгынын/ажырым бар экендигинин натыйжаларын берет. Андан ары, текшерүү толук болсун үчүн бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда участоктор боюнча бюллетендерди кол менен саноонун жыйынтыктарын кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Ошондой эле АЭУ аппаратынын иштөөсү метрологиялык жактан текшерилет.
Көз карандысыз жумушчу топко өз өкүлдөрүн, анын ичинде IT адистерин киргизүү жөнүндө арыздар шайлоого катышкан саясий партиялардан 2021-жылдын 3-декабрына чейин кабыл алынат.