#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов болду. Ал үч журналисттин үч багыттагы суроолоруна жооп берди. Маек рингдин ичинде өттү.
- Бул ирет парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан аттандыңыз, эмне үчүн партия менен шайлоого аттанган жоксуз? Же партиялардан сунуш түшкөн жокпу?
- Партиялардан көптөгөн сунуштар түштү. Бирок мен бир мандаттуу округдан шайлоого аттандым. Жакындарым, туулуп өскөн айылдагылар менен кеңешип №8 Төлөйкөн шайлоо округунан шайлоого аттандым. Себеби элибиз партиянын ичинде талапкерлердин номурларын тандоодо бир аз адашып калышы мүмкүн. Бул жаңы киргизилип жаткандыктан оор. Бир мандаттуу округда өзүбүздүн фамилиябыз жазылат. Ошондуктан өзүмдүн саясий салмагымды туулуп өскөн жактан сынайын деп чечтим.
- Улуттун жүзү спортчулар болуп калды деп айтканыңыз бар. Мындан тышкары спорт тармагы Маданият министрлигинин карамагына киргенин кескин сындап келгенсиз. Айтсаңыз депутат болуп калсаңыз спорт тармагына көңүл бурасызбы?
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп жатат. Башка коңшу өлкөлөрдө Спорт жана жаштар министрлиги бар. Келечекте биз спорт жана жаштар министрлигин ачуубуз керек. Кыргыздын туусун көтөргөн спортчуларга жогорку деңгээлдеги мамиле болуш үчүн спорт министрлигин ачуу боюнча сунуштарды айтып келем. Негизи журт башчыбыз спортту колдоп жаткандан кийин муну мамлекеттин идеялогиясы катары колдошубуз керек. Эгерде депутат болуп барсам кыргыз спорту боюнча айта турган, сунуштай турган, жаза турган мыйзамдар бар. Спорт министрлиги болгондо эффективдүү болмок.
- Жарым жылдан ашык убакыт депутат болуп турдуңуз, бул сизди өзгөрттүбү?
- Адам баласы депутат болобу, министр болобу бир калыпта жүрүшү керек. Мен карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Депутат болсом эле бой көтөрүп өзгөрүп кеткен жокмун. 6 ай мурун кандай болсом азыр деле өзгөрбөй жүрөм. Өзгөрүү адамды бийиктикке алып келбейт. Жөнөкөйлүк улуу сапат.
- Сиз №8 Төлөйкөн округунан депутаттыкка аттанып жатасыз. Жакында эле үгүт иштерин жүргүзүп, жергиликтүү калк менен жолугуп келдиңиз. Элдин сизге карата пикири кандай экен?
- Көптөгөн эл менен жолуктук. Папан, Төлөйкөн, Мады айыл өкмөттөрүндө, Ош шаарында жолугушуулар болду. Элдин маанайы аябай жакшы. Силердей балдар мамлекетке керек болуп жатат, чарчаба, иштеп, элдин көйгөйүн айтып, элге керектүү мыйзамдарды жазып иштеп бергиле деп мага талаптарды коюп жатышат. Элиме таазим кылам. Буга чейин добушту сатуу менен мамлекетте өнүгүү болбой жатат. Жаңы жүздөр, жаңы депутаттар келсин. Шайлообекти колдойбуз, Шайлообекти шайлайбыз деп айтып жаткан элиме таазим кылам.
- Депутат болгондон кийин эмоцияны башкарганды үйрөндүңүзбү?
- Элибиздин эртеңине балта чаап жаткан министрлерди, жетекчилерди көрүп туруп алардын кайдыгерлигин көргөндө эмоцияга алдырбай койгонго болбойт экен. Көп учурларда катуу айтып, сындаган учурлар болду. Бул менин мамлекетим үчүн болгон сүйүүм. Эмоцияга алдырганы менен биз көтөргөн маселелер аткарылып элге пайдалуу болуп калды.
- Сиз Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүп жатып урушасыз. Ушул маселелер аткарылабы же кыйкырык бойдон калып калабы?
- Мен парламентке келгенден бери 32 протоколдук тапшырма бердим. Анын 20сы аткарылды.
- Ар бир талапкердин өзүнүн программасы бар. Программаңызда эл сизге добуш бере тургандай эмнелер камтылган?
- Бизде Жараткан тарабынан берилген өтө кооз жерлерибиз бар. Ошол кооз жерлерибизге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, программага киргизип, Ысык-Көлдү, Сары-Челекти жана көптөгөн кооз жерлерибизге дүйнөдөгү миллиардерлерди тартып туризмдин өлкөсү кылганга жетишсек болот. Андан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында, билим берүү тармагында программаларым бар. Ишке аша турган болуп жазылган. Мен спорт чөйрөсүнүн өкүлү болгондуктан программаларыма спорт боюнча мыйзамдарды кайрадан жаңылап жазыш керек.
- Жеңишке жетүү жөнүндө оюңуз кандай болуп жатат?
- Мен атаандаштарымды телеберүү аркылуу жамандагым келбейт. Мен калың элдин, карапайым элдин улуу катары жеңишке жетүү боюнча ишеничим абдан чоң. Бул шайлоо акчалуулардын же бийликтегилердин шайлоосу эмес. Өлкө башчысы шайлоону элге бергиле, акча тараткандарга, бийлик колдонгондорго чара көргүлө деп өзүнүн буйруктарын айтып жатат. Азыркы учурда бийлик элдин колуна өттү. Биз бүгүн карапайым эл чыныгы элдин уулун тандоого убакыт келди.
- Жогоруда программаларыңыз тууралуу айтып кеттиңиз. Ар бир талапкер шайлоо алдында ар кандай убадаларды беришет. Бирок депутаттык мандатты алгандан кийин убадалар унутта калат деп сындагандар бар. Сиз ушул программаңызды канча убакытта аткара аласыз?
- Менин программаларымдын негизги бөлүгү алдыңкы 2 жылдын ичинде ишке ашат деп ишенем. Биздин Конституция боюнча көп жыл сунушталган мыйзамдар бат ишке ашканга ылайыкташты. Мен депутат болуп калсам программаларым ишке ашат, колдоого ээ болот.
- Депутат болуп туруп олуттуу маселелерди көтөргөндө кысымдар болду беле?
- Биз парламентте отуруп маселе көтөргөн жеңил эмес, оор. Ар түрдүү телефон чалуулар келет. Биз кайсы тараптан кысым болсо элибиз үчүн өмүрүбүздү арнадык деп жооп беребиз. Ошондуктан мамлекеттеги чоң жоготууларга багытталган, өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоолдук кылып жаткан мыйзамдар, программалар боюнча кескин сындарды айтабыз.
- Бул жолку шайлоо таза өтөт дегенге ишенесизби?
- Ооба, шайлоо адилеттүү өтөт дегенге ишенем. Президент аким, мэр же башка кызматтагы адамдар шайлоого аралашкан болсо жумуштан алынып, жазаланат деп айткан. Добуш сатып алуулар боюнча дагы айтты. Бүгүн бизге дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.
- Элге кайрылуу үчүн сизге эркин микрофон берели.
- Урматтуу калайык калкым. Биздин эл ар кандай кыйынчылыктарга чыдайт. Бирок адилетсиздикке чыдабайт. Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз өлкөсүндө бардык төңкөрүштөр адилетсиз шайлоонун негизинде болуп жатат. Биз бул жолу дүйнө эли таң кала тургандай шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк, убакыт келди. Андыктан мен сиздерге кайрылат элем. Эл үчүн, жер үчүн, мамлекет үчүн иштеген талапкерлерди тандаңыздар. Мен Атазов Шайлообек Карыбекович мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүшү үчүн элибизге ак кызмат кылганга даярмын.
Аткаруучу: “Супер.кж” ЖЧКсы. Дареги: Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.
Буюртмачы: Атазов Шайлообек Карыбекович.
Нускасы: 1 даана. Чыгарылган күнү: 7-ноябрь, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазовдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мурзабеков Сыймык Тимурович тарабынан төлөндү. (Күб. №493, 17.10.2021-жыл).