Бишкекте бүгүн, 12-ноябрда “Кыргызстан жана Бирдиктүү
экономикалык мейкиндик: Интеграциянын абалы жана келечеги” бизнес-форуму өттү. Анда
Кыргыз Республикасынын
биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев
“Кыргызстандын Бажы биримдигине
кошулуусундагы так механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек” деди. Бул тууралуу өкмөттүн
басма сөз кызматынан билдиришти.
“Биз
Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунда бардык так механизмдерди иштеп
чыгуубуз зарыл. Коомчулук менен бизнес өкүлдөрү да бизден оң жана терс жагдайларды
эсептеген тыянакты күтүүдө”,- деди Оторбаев. Мындан сырткары жакынкы айларда
Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картасын» гармонизациялоо
аяктай тургандыгын билдирди.
“Кыргызстандын экономикасынын кыймылдаткычы – бул
соода. Өкмөт жумушчу орундарды жоготпоо жана социалдык көйгөйлөргө жол бербөө
үчүн Бажы биримдигине кошулгандан
кийинки алгачкы жылдардагы баа саясатын эсептеп чыгыш керек. Биз сырткы чек араны
камсыздандыруу, чек ара көзөмөлүн жакшыртуу милдетин алууга тийишпиз",- деди Жоомарт
Оторбаев.