Баткендин Лейлек районунун Катран айылыда 2 күндөн бери электр жарыгы жок. Мындай билдирүүсүн окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө билдирди.
"Айылда 2 күндөн бери электр жарыгы жок эл кыйналып жатат. Өзгөчө жаш баласы барлар, кары-картаңдар менен кыйналып жатабыз. Аба ырайы суук, эски заманга түшүп калгандайбыз. 3 айдан бери түнкү саат 1ден таңкы саат 5-6га чейин жарык өчүрүлүп келет. Садыр Жапаров электр жарыгын өчүрүү болбойт деди эле...", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.