Ырчы Минюра Рахимжанова турмуш жолуна аттанды

Ырчы Минюра Рахимжанова 6-ноябрда турмуш жолуна аттанып, ак жоолук салынды. Анын кыз узатуу тою Таластагы тойканалардын биринде өттү.

Минюра Рахимжанованы бийчилердин коштоосунда залга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова алып кирди.

Буга чейин ырчынын сүйүктүүсү колун сурап, үй-бүлө куруу сунушун киргизген. Кыз узатуу, үлпөт тою ноябрь айында өтөрү белгилүү болгон. Ырчы жакын курбусуна абысын болорун, күтүп жүргөн адамын тапканын билдирген.

Минюра Рахимжанова "Сен кат жаздың", "Закым", "Менин жаным" жана башка ырлары менен белгилүү. Ырчы чет өлкөлүк сынактарга, фестивалдарга катышып келет.
https://www.super.kg/kabar/news/383643/

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurelmadina
2021-11-07 19:36:09
Бактылу болсун еки жаш
-1
Dembele84
2021-11-08 08:31:22
Дагыле аттанып буто элекпи,эки жума мурун журду окшойт эле аттанды деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан