Асылбек Жээнбеков ЕККУ жана ТАКУнун өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-ноябрда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы жана Түндүк Атлантика келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясындагы Европа мамлекеттеринин делегациясын кабыл алды. Парламентчилер Бишкекке Роуз-Роттун “Ооганстан жана региондун келечеги: ааламдашуу кызматташтыгы” аттуу 84-семинарына катышуу үчүн келген.

 

Жээнбеков Ооганстанда тезинен туруктуулук жана тынчтык орношун каалай турганын айтып Роуз-Роттун семинары парламенттер аралык аракеттерди чыңдоого, ачык пикир алышууга, ооган маселелери боюнча бирдиктүү көз караштар менен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган”,- деди.

 

Ал эми ЕККУ ПАдагы Даниянын парламенттик делегациясынын төрагасы Питер Жуэль “Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо, бул маселе жаатында пикир алышуу ал жердеги абалды турукташтырууга жана тынчтыкты сактоого жана Ооганстандан АКШ аскер күчтөрүн чыгарып кеткенден кийинки регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга карата натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан