Президенттер. Электрик, матрос, теннисчи, көп балалуу ата... Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тууралуу кызыктар

Дүйнөдөгү мамлекет башчыларын ар кандай өзгөчөлүктөрүнө карата топ-топторго ажыратсак болот. Маселен, эң жаш башкаруучулар жана жашы улуу башкаруучулар же болбосо өлкөнү эң кыска убакытка жетектегендер жана узак жылдардан бери жетектеп келе жаткандар деген сыяктуу. Узак убакыт башкаргандар демекчи, президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын көп жылдан бери жеке өзү кармап келе жаткан башкаруучулар да бар. Мындай мисалды коңшулаш мамлекеттерден эле көрүүгө болот.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында Тажикстанды чейрек кылымдан бери башкарып келе жаткан өлкө башчы Эмомали Рахмон тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Эмомали Рахмон Тажикстандын учурдагы президенти

Дыйкандын уулу

Эмомали Шарипович Рахмонов 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Куляб облусундагы Дангара районунда жайгашкан Дангара кыштагында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң кенжеси. Ата-энеси айылдагы карапайым дыйкандардын бири болгон.

Атасы Шариф Рахмонов 1992-жылы дүйнөдөн өткөн. Апасы Майрам Шарифова 2004-жылы 94 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Электрик кесибин тандаган

Эмомали орто мектепти аяктаган соң Калининабад шаарындагы №40 орто кесиптик-техникалык колледжде электрик адистиги боюнча билим алган. Ал жерди 1969-жылы 17 жашында аяктап, Курган-Төбө облусундагы каймак заводунда электрик адиси болуп иштеп калат. 1971-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып 1974-жылга чейин 3 жылга жакын Тынч Океан деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Армиядан кайтып келгенден кийин кайрадан каймак заводундагы ишин улантып 1976-жылга чейин иштеген.

Армияда "улук матрос" даражасына чейин жеткен

Жогоруда айтылып өткөндөй, Эмомали Рахмонов мекен алдындагы ыйык милдетин Тынч Океан деңиз флотунда аркалаган. Ал кийин телеканалдардын бирине берген маегинде туулган жерден миңдеген чакырым алыстыкта, өмүрү элестетпеген климаты катаал аймакта аскердик кызматын өтөгөн жылдар мүнөзүн кыйла өзгөрткөнүн айткан жайы бар.

Антсе да аскердик кызматта өткөн 3 жыл аралыгында ал "улук матрос" даражасына чейин жеткен.

Электриктен эл өкүлүнө айланып...

Эмомали Рахмонов 1976-жылы (24 жашында) өзү туулган Дангара районундагы колхоз башкармалыгынын катчылыгына дайындалган. Ага чейин каймак заводунда иштеп келген катардагы электрик үчүн бул эң алгачкы жооптуу кызматтардын бири эле. Катчылык кызматта ал 1982-жылга чейин иштеген. Бул жылдар аралыгында Дүйшөмбү шаарында жайгашкан Ленин атындагы мамлекеттик университетке тапшырып, экономика факультетинде сырттан билим алган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин да бир катар жооптуу кызматтарда иш алып барган.

Ал эми 1990-жылы Тажикстандын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

Колго курал кармап, согуштук кагылышууга катышкан

Эмомали Рахмонов 1992-1997-жылдар аралыгында өкүм сүргөн Тажикстандагы жарандык согуштун күчөп турган маалында колго курал кармап, аскер бөлүктөрдүн биринде согушууга жетишкен. Бул боюнча Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко да эскерген жайы бар. Ал интервьюлардын биринде "Менин досум Эмомали Тажикстанда тынчтыкты орнотуу үчүн автомат көтөрүп алып борбор калаага кирип барган" деп айткан.

Ошондой эле ал (ред. Эмомали Рахмон) 1994-жылы президенттик кызматка келгенден кийин бийликке караманча каршылык көрсөтүп жаткан оппозиция өкүлдөрү менен бир канча жолу сүйлөшүүлөргө барып, өлкөдө 7 жылдан бери басылбай келген жарандык согушту токтотууга жетишкен.

Өмүрүнө бир канча жолу кол салуу болгон

Өлкө президенти болуп шайлангандан бул күнгө чейин Эмомали Рахмондун өмүрүнө бир канча жолу кол салуу уюштурулган. Алардын эң алгачкысы 1997-жылы 30-апрелде орун алган. Анда Худжанд шаарындагы университеттин 65 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жаткан учурда ага карата чогулгандардын арасынан граната ыргытылган. Кырсыктан президент өзү жана ошол кездеги ички иштер министри баш болгон бир катар кызмат адамдары жаракат алышкан.

Андан кийин да бир канча ирет ар кандай жол менен өлтүрүү аракети көрүлгөнү тажик басылмаларында жазылган. Ал эми президент өзү интервьюлардын биринде 6 ирет кол салууга кабылып, аман калганын билдирген.

Теннис сүйүүчүсү

Эмомали Рахмон теннис сүйүүчүлөрүнүн катарына кирет. Спорттун бул түрү менен байма-бай алектенгендиктен бир катар ийгиликтерди да жаратканы айтылып жүрөт. Ал тургай Өзбекстандын маркум экс-президенти Ислам Каримовду жекеме-жеке теннис беттешинде утуп алган жайы бар (ред. Ислам Каримов теннисти мыкты ойногону менен белгилүү болчу).

Мындан тышкары ал алыскы аралыкка чуркоо мелдештерине байма-бай катышып турат. Ошондой эле волейбол, футболду да жакшы ойноору айтылып келет. Акыркы жылдары лыжа тебүү учурундагы сүрөттөрү да интернет тармактарында көп кездешүүдө.

Эң таасирдүү 500 мусулмандын бири

Эмомали Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын бири болуп эсептелет. Быйыл аталган рейтингге ал жетинчи жыл катары менен кирип жатканы жарыяланды. Өлкө башчы көпчүлүк маектеринде ислам баалуулуктары жөнүндө сөз кылып келет. Ал бир канча жолу үй-бүлөсү менен бирге кичи ажылыкка барып келгени белгилүү.

9 баланын бактылуу атасы

Өлкө башчы 7 кыз жана 2 уулдун бактылуу атасы. Анын Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина жана Фарзона аттуу кыздары, Рустам жана Сомон аттуу уулдары бар. 9 баланы тарбиялап өстүргөн Эмомали Рахмон дүйнөдөгү көп балалуу президенттердин катарын толуктайт.

Ал эми анын жубайы Азизмо Асадуллоева туурасында маалыматтар интернет булактарында сейрек кездешет. Мунун себеби ал коомдук иштерге анча аралаша бербегендигинде. Ал тургай айрым булактарда жолдошунун маанилүү иш сапарларында жанында коштоп жүрүүнү да жактыра бербейт деген сыяктуу маалыматтар бар.

25 жылдан бери өлкөнү башкарып келет

Эмомали Рахмон 1994-жылы шайлоочулардын 59 пайыз добушу менен президенттик кызматка дайындалган. Андан бери 5 ирет президенттик шайлоодо жеңип чыгып (1994, 1999, 2006, 2013, 2020-жылы) кайрадан өлкө башчылыгына шайланган. Ал Тажикстанды 25 жылдан бери башкарып келет. Быйыл 69 жашка толгон мамлекет башчысы дүйнөдө өлкөнү узак убакыт башкарган президенттердин катарында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aika2013
2021-11-08 09:42:27
Мойну узулуп олсун,маймыл
+10
oscar
2021-11-08 09:53:06
Кайран шайлоого кеткен акчалар
+4
futboler
2021-11-08 09:56:16
Супер, вы что издеваетесь? Канкордун өмүр баянына суусап тургансып. Силер бул маалымат менен бүтүн кыргыз элин шылдыңдап жатканыңарды түшүнүп жатасыңарбы?
+17
Ansar
2021-11-08 10:28:08
Супер бул эмнеси? Эмомалини бизге жакшы жактарын баяндап, жакшы көрсөткүңөр келип атабы? Бул акмактын бизге эмне кереги бар. Өз эли сыйлабаган башчыны, силер аябай сыйлагансынарго.
+15
alinsan
2021-11-08 10:48:26
улуу Рамазан айында кордук го кандай мусулман экенин, адамдар ар нерсени айта берет статистика дешип бирок Аллах билет, кимдин бузуку, канкор экенин, кимдин чыныгы мусулман экенин.
+13
Asmat84
2021-11-08 12:47:01
Канкор Эмомали
+8
Napaleon
2021-11-08 14:12:29
Эмомали канчыктын бизге не кереги бар гандондун. Бул эшекти олтуруш керек.
+9
bayern-munchen
2021-11-08 15:33:27
Мындан эмнени тушунсо болот супер душмандын омур таржымалына токтолуп и мактап же силерге дагы орусиядагы кыргыз кыздарына окшотуп тажиктер тийгиздиби мактап калыпсынар
+4
mira28
2021-11-08 22:58:38
Лыжаны фотого тушуш учун эле кийгенго,аран туру калдакдап.Бул тажиктер элден коргонун ганакайталай алышат,оздорундо идея жок.Фиолетовый жоон галстуктан эле колхоз экенин андаса болот.Жашындале страшный тажик болгон экен ошо ошо ккаласи чон тажик сырты да ичи да куник киши болуп отуп жатыптыр да.Алжыган чал
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан