“Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан дагы Ооганстандагы тынчтыктын жана туруктуулуктун калыбына келишине кызыкдар. Түзүлгөн кырдаал ооган көйгөйүн күч менен эмес, башкача чечүү жолун издөө зарылдыгы көрүнүп турат. Тиешелүү аймактык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен экономикалык өз ара аракеттенүү механизмин күчөтүү керек”.
Муну Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-ноябрда Ооганстандын Улуттук ассамблеясынын Волеси Жирги төрагасынын биринчи орун басары Мирваис Ясини менен жолугушууда айтты.
Айта кетсек, Мирваис Ясини Кыргызстанга “Ооганстан жана регион келечеги: ааламдашуу кызматташтыгы” аттуу Роуз Роттун 84-семинарына катышуу үчүн келген.
Жолугушууда тараптар аймактагы коопсуздук жөнүндө пикир алышып, парламенттер аралык кызматташуу келечегин талкуулашты.