Айсулуу Тыныбекова Чикаго шаарына барып, мекендештер менен жолукту (видео)

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШнын Чикаго шаарына барып, мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Чикаго шаарында мекендештерибиз менен жолуктум. Жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өттү. Сиздердин коом үлгүлүү экен десем жаңылышпайм. Спортко, маданиятка, биздин каада-салттарга салымыңар таң калтырды. Силердин ынтымагыңарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат.

Мен кайсы өлкөгө барбайын мекендештерим жакшы тосуп алып, колдоолорун билдирип жатышат. Алыс жерде жүргөн күйөрмандарыма, жалпы кыргыз элиме терең ыраазычылык билдирем. Чикагодогу жолугушууда жаш муундар да келишти. Кыргыз өлкөсүнө салымын кошкон, келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин", - деп жазды Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.

Айсулуу Тыныбекова Чикагодо мекендештер менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-11-09 10:30:15
Чикаго эмес эле Кыргызстандагыдай эле бала чакалар менен жүрүшкөн мекедештериме ыраазы болдум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан