"Атакем мени сүйүп, балам деди,
Ач калдык, сени малай салам деди.
Ошентип Назарбайга болдум малай,
Малайлык туткунунда жүрдүм далай", - деп өзүнүн оор балачагын эскерген акын Барпы Алыкулов 1884-жылы күзүндө азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында томаяктын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Акындын чыгармачылык ишинин башталышы өткөн XIX кылымдын акырына, башкача айтканда, 1900-жылга туура келет. Анын өмүрүнүн теңи жакырчылыкта, жалчы жүрүү менен өткөндүктөн дайыма эл тарабында болуп, өзүнүн курч ырлары аркылуу бай-манаптардын кыйноолорун ашкерелеп, аларды сынга алган. Ушундай ырлары үчүн далай кордук көргөн.
Акындын чыгармачылык татаал жолу
Оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашкан. 16 жашка чыга электе акындык даңкы эл арасына жайылган. Акындын өзүнүн айтымында, атасы Алыкулдан "Залим хандар азабы" деген ырды үйрөнгөн. Ал ырда Кокон хандыгынын катаалдыгы сындалган. Анын акын болушуна атасынын салымы чоң болгон. Акындын алгачкы ырлары көбүнчө өз башынан өткөн азаптарга, жан-жаныбарларга, сүйүүгө байланыштуу болуп, "Бул куштардын санаты", "Жырткычтар", "Жыйындагы биринчи ыр", "Кара башыл эчки", "Пада баккандагы ыр", "Назарбай менен болгон айтыштары", "Жетим кыз", "Теңдик бир күн жарк этер", "Жетим" деген ырлары өмүр жолундагы оор күндөрдүн элесин берет.
Барпынын 1915-жылы кыргыз элинин улуу акыны Токтогул менен болгон жолугушуусу анын өмүрүндө зор окуя болуп эсептелген. Токтогулдун таасирдүү ырларын угуп, андан үлгү, таалим алган. Кийин ал “Токтогул жөнүндө ыр” деген 4 бөлүмдөн турган көлөмдүү поэма жазат. Бул чыгармасынын биринчи бөлүмүндө акын ырчылардын өткөн заманда бай-манап, бий-болуштардан кордук көргөнүн баяндаган.
Көз кайкыган кырдайым,
Көргөн бала, Мырзайым.
Алты алыштын боюнан
Суу аласың, Мырзайым.
Алты кар баскан түлкүдөй
Чубаласың, Мырзайым.
Ашыктыктан ырдасам,
Уяласың, Мырзайым.
Жети алыштын боюнан
Суу аласың, Мырзайым.
Жети кар баскан түлкүдөй
Чубаласың, Мырзайым,
Алты ай баккан атка окшоп
Элиресиң, Мырзайым.
Эл ичинде ырдасам,
Жеңилесиң, Мырзайым.
Көлдө ойногон өрдөктөй
Папырайсың, Мырзайым.
Көмөкөйдө күмүштөй,
Жаркырайсың, Мырзайым.
Көл боюнда эрмендер,
Көгүчкөн атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Көгүчкөн атып алганмын.
Мырзайым, сенин дартыңдан
Көмүрдө, отто калгамын.
Суу боюнда эрмендер,
Суусар атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Суусар атып алгамын.
Мырзайым, сенин дартыңдан
Суктанып ырдап калгамын.
Сай боюнда эрмендер,
Сагызган атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Сагызган атып алгамын,
Мырзайым, сенин дартыңдан
Санаа тартып калгамын.
Тулаңдуу жерде эрмендер,
Түлкүнү атат мергендер.
Ана ушу мерген мен болуп,
Түлкүнү атып алгамын,
Мырзайым, сенин дартыңдан
Түпөйүл дартка калгамын.
Өрдөк куштун пашаасы
Сонор деймин, Мырзайым.
Өзү келип колума,
Конор деймин, Мырзайым.
Өз алгандан зыяда
Болор деймин, Мырзайым.
Жагачтардын пашаасы
Чынар деймин, Мырзайым.
Акыр бизди күйгүзбөй,
Ынар деймин, Мырзайым.
Анан көңүл бир жолу
Тынар деймин, Мырзайьш
Канаттуунун асылы
Булбул деймин, Мырзайым
Убададан жылбастан
Тургун деймин, Мырзайым.
йлбээсиндин пашаасы
Жолборс деймин, Мырзайым,
Ынабасаң көп жакшы
Болбос деймин, Мырзайым.
Бизди мынча боздотуп,
Койбос деймин, Мырзайым.
Жамалыңа эч киши
Тойбос деймин, Мырзайым.
Күндүз сайрап, түн жаткан
Күкүк деймин, Мырзайым.
Имаратты көтөргөн –
Түркүк деймин, Мырзайым.
Орогуңду үч-төрт күн
Орсом деймин, Мырзайым.
Күндө үч убак мен сени
Көрсөм деймин, Мырзайым.
Күнү-түнү сени ырдап,
Жүрсөм деймин, Мырзайым.
Беттин көркү нур менен,
Белдии көркү нур менен.
Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.
Кедейликтин дартынан
Кейип жаным өксүдүм.
Тосо албады кедейлик
Ашыглыктын өткөнүн.
Жарыя айтпай бул ишти
Канбайт окшойт көкшүнүм.
Ышкыдар болдум, Мөлмөлүм,
Коркосуңбу убалдан?
Сени кошпой Барпы акын
Чыга алабы кумардан!
Эки илабиң — кызыл гүл
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасаң — жүрөккө от
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың — Маргалаң
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың – баланын
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Серпилишиң – чынардын
Чырпыгындай, Мөлмөлүм.
Ыргалышың — майдан тал
Кырчынындай, Мөлмөлүм.
Түшүндүрөм канткенде
Чын сырымды-ай, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң — Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың — зергердии
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң — жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Оозуңдагы отуз тиш
Күрүчтөн кынап тизгендей.
Жакын келсең болбойбу,
Жат экен деп сезгенбей?
Айталбай сырым өтөмбү
Же, пайитин таап кез келбей?
Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Ойлоп-ойлоп күнү-түн:
— Мөлмөлүм! –деп какшадым.
Ышкысы күчтүү жаштыкты
Ыксыз жакка чачпагын.
Башымды берем тартууга
Кедей деп менден качпагын.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам;
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа
Ак маржан болуп тагылсам.
Жаңыдан түптөп бездеген,
Жаш улан колун кезгеген
Жанаша бүткөн алмаңдын
Бирөөн бер деп жалынсам.
Угар белең үнүмдү?
Алар белең тилимди?
Сооротор белең баладай
Санааркап жүргөн дилимди?
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан
Сенин, бөдөнө тумшук мамагың.
Көйнөгүңдөн көнчөгүң,
Куп жарашып чөнтөгүң.
Көп уланды күйгүзгөн,
Көйнөккө өзүн сүйгүзгөн
Сенин, көгүчкөн тумшук эмчегиң.
Көкнаари болуп калдым бейм,
Көңүлүмдөн кетпедиң.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей;
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
Тартууга берсем өзүмдү
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа
Табар белең, Мөлмөлүм?
Же, мал бербей, өзүн берет деп,
Өлөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чечалбадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок:
Миң азапка кайылмын
Көрүнүп койсоң бир жолу
Булуттан чыккаи айга окшоп.
Бир мен эмес канчалар
Көз артып жүрөт өзүңө.
Баян кылып өтөйүн
Кулак салсаң сөзүмө:
Кедейи бар, малдуу бар,
Чабалы бар, алдуу бар.
Кедейинде — жүрөк бар,
Чабалында – тилек бар.
Малдуусунда – зордук бар,
Алдуусунда — кордук бар.
Ыктыяр сенде, бизде ыклас
Акылдуу жансың ылгап ал!
Барпы Алыкулов 1929-жылы катуу ооруп, ошондон кийин эки көзү тең көрбөй калат, мурда да 11 жашынан бир көзү дарт алып, элес-булас гана көрчү, эми эки көзү тең көрбөй, жетелетип күнүн көрөт, өзү болсо коомдук иштерди аткарууга жараксыз болуп калат. Көзү азиз болсо да, көкүрөгү менен баарын туюп-билген. "Шамал", "Ажал", "Адам", "От", "Дүйүнө", "Айт, айт, десе...", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо", "Бул куштардын санаты", "Октобой мерген аталбайт" деген сыяктуу философиялык ырлары анын ой жүгүртүүсүнүн кенендигин, кыргыз сөздөрүн мыкты колдоно билерлигин далилдейт.
Аягы жок, башы жок
Шамал кайдан жаралды?
Анын сырын чечүүгө,
Жүгүртөйүн санаамды.
Төгөрөктү каптаган,
Көлдөн чыгып жүрбөсүн?
Кашык сууга зар болгон,
Чөлдөн чыгып жүрбөсүн?
Жандуу, жансыз энеси –
Жерден чыгып жүрбөсүн?
Айт, айт десе ааламды айт,
Ар түркүн өнөр чыгарган
Ааламдагы адамды айт.
Бири күлсө, миңи ыйлайт,
Акыйкатсыз заманды айт.
Байга — бакыт, кедейге —
Шорду жазган каламды айт.
Бул замандын улугу
Жакынын, байды калкалайт.
Кедей барса арыз айтып,
Көргүсү келбей чалкалайт.
Теңсиздикти ушундай
Адам качан талкалайт?!
Тоо музунан бузулуп,
Жер энеден сызылып,
Аккан сууну даана айт.
Ыпыласты тазалайт.
Дыйканга берип берекке,
Жамгыр сепкен керекке,
Асмандагы булутту айт .
Пата алгандай кудайдан,
Байды көрсө жылмайган,
Кедей келсе жанына,
Карышкырдай кынжыйган.
Нысабы жок улукту айт.
Жыяуу сөздөн тилдөө көп,
Күлгөнүнөн ыйлоо көп,
Алуу эмее, берүү көп,
Ар азапты көрүү көп,
Калктын ичин бөлүү көп
Көпчүлүктү — сөгүү көп,
Көздүн жашын төгүү көп,
Тирүүлөйдөн өлүү көп,
Көңүлү өспөй чөгүү көп
Айта берсе далай кеп:
Көздүн жашын курутпайт,
Адам муну унутпайт.
Бирди эмес, жүздү айт.
Берекелүү күздү айт.
Үйүр болуп адамга,
Илбесин алган кушту айт.
Азга жылуу, көпкө ызгар
Кычыраган кышты айт.
"Кыш чилдеде иште" –деп,
Томаякты желкелеп,
Бай көрсөткөн мушту айт.
Күсөгөнүң табылган
Күндө базар — шаарди айт,
Гүл жадырап ачылган,
Күрмө кийген жашылдан,
Жаркыраган баарди1 айт.
Эки энени тел эмген
Кысыр эмди тайды айт.
Ысыгына мээ кайнайт,
Илеби ысык жайды айт.
Байлар чардап бээ байлайт,
Томаякта шор кайнайт
Отуз күндүк орозо,
Олжо берет молдого,
Эшен менен кожого,
Ишенбестен ошого,
Акыйкатты ачык айт.
Адамдарга шашып айт.
Айт, айбашы дегенди,
Алдап малды жегенди,
Акыйкатсыз элди жеп,
Аш, той берген беренди,
Адамга салган чеңгелди,
Көргөндөргө анык айт.
Сайраган жайкы булбул —
Гүлдүн көркү.
Жаркырап жайнаган кыз —
Үйдүн көркү.
Жазында жайкалган чөп —
Дөңдүн көркү.
Сулуу кыз суктандырган —
Төрдүн көркү.
Далида сындап өргөн
Кара чачы.
Маңдайга келишимдүү,
Калем кашы.
Жакшы кыз — жайкы таңдай,
Үйдүн куту.
Аңкыган гүлбурактай —
Кыздын жыты.
Берметтей жаркыраган
Катар тиши.
Келтирип сайма саят —
Онун иши.
Ыракмат айтып кетет
Көргөн киши.
Ак бетке жарашыктуу
Кошмок калы.
Көз артат көрүп калган
Жандын баары:
Болот деп тагдыр буйруп
Кимдин жары?
Оймоктой оозун кара
Майин күлгөн.
Чолпондой көзүн кара
Таңда күйгөн.
Бир күлсө, сүйүнчүгө
Берер элем
Кетсе да, өмүр бою
Тапкан дүйнөм.
Жакшы кыз — эне-атанын
Ырыскысы,
Турмуштун тунук, таза
Уюткусу!
Уккандар жалган дебес
Ырымды ушу.
Айылдан айыл гезген кыз,
Ата-энеден безген кыз.
Чарчабай басып жүргөн кыз,
Ушактын сөзүн сүйгөн кыз.
Уяты жок — таскак кыз,
Этек-жеңи баткак кыз.
Кашына көөнү сүрткөн кыз,
Кишинин баары үрккөн кыз.
Балтыры жоон күчтүү кыз,
Күрөктөй орсок тиштүү кыз.
Мойнуна баарын таккан кыз,
Момундар үчүн мастан2 кыз.
Жумуш кыл десе сулкуюп
Сом темирдей жаткан кыз.
Он алтыда көпкөн кыз,
Озунуп өзү өпкөн кыз.
Ырысын жерге тепкен кыз,
Ымандан ыраак кеткен кыз.
Ушак айтып айылга
Азандан мурда жеткен кыз.
Эсиме түшсө кокустан
Эт жүрөгүм этет тыз.
Нан ордуна аш кылат,
Ичкениңди таш кылат.
Айыбын айтсаң, алкынып
Сенден мурда кол сунат.
Буудай куурат тил менен,
Муунтат заар зил менен.
Өзү-каар бул кыздын,
Тили-заар бул кыздын.
Миңдин бири — ушундай,
Ушундайдан кутулбай,
Кыжы-кужу түгөнбөйт,
Кыздын көбүн күнөөлөйт.