Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 58 жаштагы Саттар Асылбаев 23-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын жансыз денеси табылганы кызы Мээрим тарабынан белгилүү болду.
"Атам киши колдуу каза болуптур. Ал башы жабыркап, кабыргалары сынган абалда талаадагы чуңкурдан табылды. Атамдын жансыз денесин койчу көрүп калыптыр", - деди ал.
Белгилей кетсек, Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган. Андан кийин издөө иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок жыйынтык болбой жатканын Мээрим айым айтып кайрылган.