"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну кайрылды. Тургун аталган айылда сатып алганга көмүр жок болуп жатканын билдирди.
"Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы ар бир үйдүн электр мамычаларына РЭС тарабынан "жучоктор" коюлду. Эл көмүр менен толук камсыз боло элек. 82 жаштагы атабыз бар, ал оорукчан. Көмүр алгычакты коё тургула деген суранычыбызды угушкан жок. Колубузда акчабыз туруп көмүр ала албай жатабыз.
Районго көмүр келип жатат, бирок келгенин эл алып, айылыбызга жетпей калууда", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.