Пара алууга шектелип кармалган Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары 2 айга камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан пара талап кылып алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкери кармалды. Бул туурасында аталган комитеттен бүгүн, 9-ноябрда маалымдашты.
Маалыматта Октябрь РИИБинин кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтылат.
"Кызматкер өз кызыкчылыгы үчүн жасалма арыздарды (акча уурдоо фактысы боюнча) даярдап жүргөн. Жыйынтыгында моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.
Аталган материал 326-берененин 1-бөлүмү ("опузалап пара алуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, 4-ноябрда криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары, милициянын майору Н.Э.Д. кармалган.
"Анын унаасын тинтүү учурунда ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, "Өтө жашыруун" деп белгиленген документтер, 5600 доллар жана бир нече жарандын паспорттору табылган.
Кармалган кызматкерге Октябрь райондук соту тарабынан 2 айга УКМКнын тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп кошумчалашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2021-11-10 18:30:27
Мындай акмактарды атууга бериш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан