Бишкекте таксистке кол салганга шектелип жүргүнчү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-ноябрда болгон. Ошол күнү таксист кардарды алып кеткен, бирок белгиленген жерге жетпей Байтик Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жүргүнчү айдоочуга кол салып, качып кеткен. Таксист ийинине бычак сайылганы боюнча милицияга кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин ("бейбаштык") негизинде катталды.
Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган М.Т. кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.