Европада COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны кескин өстү

Европада COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны кескин түрдө өстү. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Европада 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин, тагыраагы бир апта ичинде коронавирустан көз жумгандардын саны 10 пайызга жогорулаган.

Европа илдеттен каза болгондордун саны көп катталып жаткан алты аймактын бирине кирген. Ноябрдын биринчи аптасында өлүм катталгандардын 55 пайызы (26 миң 726 бейтап) Европа өлкөлөрүнө туура келген.

Ошондой эле COVID-19'га кабылгандардын да саны көбөйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан