Депутат Аккулу Бердибаев Ош мамлекеттик университетинин ректорун кызматтан алуу боюнча каршы пикирин айтты.
"Ректорду саясатка аралаштырып иштен алып салды. Ал жакшы кадр. 10 студент партиянын жыйынына катышты деп кызматтан алган туура эмес. Бул маселени калыс карап, ордуна коюш керек", - деди ал.
Буга чейин үгүт иштерине аралашты деп Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынган.