Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшембиев жүк ташыган унааларга чектөө жок экенин билдирди.
"Жүк ташыган унааларга чектөө жок. Себеби алар өлкө ичинде азык-түлүк жана дары-дармектерди ар кайсы жерге жеткирип, ички бизнести камсыздашат", - деди ал.