Акылбек Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн ачылыш салтанатына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилесек, көрсөтүлгөн объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы - "Чайна Роад энд Бридж" компаниясы.

Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман автожолунда жайгашкан.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жана Кыргыз Республикасындагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 километр жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.

"Биз Кытай Эл Республикасына ушундай татаал инженердик курулуштарды курууга жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле жергиликтүү калкка бул процессте кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жолдор чоң роль ойнойт. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аймактардын жана бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизет", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров "Макмал Голд Компани" ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Akjol18
2021-11-11 01:15:17
Кана көпүрө,жаңы жол..?
Бул дежурларды ар кыл позада көрө берип чарчадыкко.
+5
ulanbek2000
2021-11-11 02:03:15
Биздикилер бүтпөгөн ишке дагы лента кесип коёт. Эч таң калбадым
+6
mr.ulan89
2021-11-11 07:39:20
Кана копуро
+2
aitowa11
2021-11-11 08:31:41
Арал Казарман жолу деп жазсанар видеолору менен туратко. Ютупта
+1
Mister-XXX
2021-11-11 15:24:12
aitowa11,Ютупта дегениң үчүн сени азыр админдер Банга айдайт.Өлдүн эми...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан