Шайлоого аттанып жаткан 4 партиянын жаштар канатынын талапкерлеринин теледебаты өттү. Теледебат ЭлТР телеканалында өттү.
Теледебаттын катышуучулары: "Жашасын Кыргызстан", "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Ынтымак". Алар алгач партия тууралуу айтышты.
Алып баруучулар тарабынан "Улуу-Журт" партиясынын өкүлүнө "Өлкөдөгү банк системасын реформа керекпи, ишкерлерди төмөн пайыз насыя менен камсыз кылуу боюнча сиздерде кандай программа бар?" деген суроо берди.
Жооп: "Бизде банк системасы чын эле реалдуулуктан алыс. Кардарлар үчүн насыялардын пайызы жогору. Бизде көптөгөн эл аралык донорлор бар. Өтө төмөн пайызда насыя беришет. Жаңы насыялык мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек. Элге шарт түзүп беришибиз зарыл".
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлүнө "Сиздер кичи жана орто бизнести кантип колдойсуздар жана насыя жагын кандай чечесиздер?" деген суроо берилди.
Жооп: "10 жылдык партиялык система менен шайлоо болуп жаткандан бери айтып келе жатабыз. Өлкөдө туура, акыйкат бийлик орномоюнча эч бир тармакта өнүгүү болбойт. Муну убакыт далилдеди. Алдыбыздагы максат мамлекеттик органдарда тартип орнотуу".
"Ынтымак" партиясынын өкүлүнө "Коррупцияны жок кылуу үчүн кандай механизмдер иштетилиши керек?" деген суроо берилди.
Жооп: "Коррупция биздин мамлекеттеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Коррупция бул жалпысынан бул идеялогия. Бардык бутактарда тилекке каршы бизде коррупция бар. Аны менен күрөшүү элдин талабы. Биздин программабызда ар бир орган өзүнүн функциясын так аткарса, биринчи реформа парламенттен башташ керек".
"Жашасын Кыргызстан" партиясынын өкүлүнө "Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө кандай жол-жоболор бар?" деген суроо берилди.
Жооп: "Биз дыйкан чарбаны көтөрөбүз. Билим тармагын, медицинаны, маданият борборлорун көтөрүүгө жол ачабыз. Пенсияларды, айлыктарды көтөрүүгө шарт түзөбүз".