Турсунбай Бакир уулу: "Бир мандаттуу талапкерлердин эч кимисине добуш бере алган жокмун

Турсунбай Бакир уулу №1217 шайлоо тилкесинен добуш берди. Ал бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

"Бул шайлоодо салыштырмалуу добуш берүүчүлөр аз. Анткени эл депутаттарга ишенбей калды. Депутаттардын деңгээли түштү. Азыркы бара жаткан талапкерлер депутаттардын мурунку атын кайрып бериши керек. Байкоочулар да аз экен. Кеминде 25 байкоочу болуш керек эле. Ичинде 5-6 байкоочу эле отурат. Бир мандаттуу округдан талапкерлердин эч кимисине добуш берген жокмун. Анткени бирөөсүн да тааныбай экенмин", - деди ал.

Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш системада өтөт. Анда 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Toxa76
2021-11-28 13:04:52
1айдан бери таанышпай уктап журдунузбу?Бугун келип тааныбайм дегениниз кайдыгерлик эмеспи?
+2
Datka7777
2021-11-28 16:12:38
Toxa76,демек купулуна толгон эмес
0
Tursunbaev1978
2021-11-28 18:20:30
Өзүңү бил,сен дагы жалганчысың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан