Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер Бакыт Төрөбаев: "Туура тандагыла, туура тандагыла дегенимди сиздер ажыратып тандашыңыздар керек. Анткени сиздер адашпашыңыздар керек. Добушту туура пайдаланып, добушун берип, эртең менин балдарымдын келечегине кам көрүлөбү, пенсиям көтөрүлөбү, менин маянам коопсуздугум, мамлекеттик чек арам бекем болобу деп алтындай болгон добушуңуздарды туура тандоо кылышыңыздар керек деп айтат элем. Мунун баарына жыйынтык чыгарган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы. Биздин партияны тандасаңыздар сиздер эч качан адашпайсыздар. “Ата Журт Кыргызстан мамлекет үчүн кызмат кылат. Биздин партия коңшу мамлекеттер менен достукта шериктеш болуп өзүнүн ишин аткарат. Андыктан добушту биздин партияга берсеңиздер эч качан адашпайсыңар", - дейт.
Аткаруучу "Супер.кж" ЖЧКсы, 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. «Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча. Партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).