Бишкекте уурулукка шектүүлөр аныкталды. Алардын биринин үйүнөн 34 телефон табылды

Бишкекте уурулук менен алектенгенге шектүүлөр аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалыматын кызматынан билдиришет.

Башкармалыктан кабарлашкандай, укук коргоочуларга К. аттуу жаран уурдалган телефондорду сатып алары, ал кылмыш кылгандар менен тааныш деген билдирүү келип түшкөн.

"Ыкчам тергөө кызматкерлери тарабынан уурдалган телефонду сатып алып жаткан учурда жогоруда аталган жаран колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал 1987-жылы туулган Б.Э. экени аныкталды. Анын үйүн тинтүү учурунда ар кайсы моделдеги 34 телефон алынды. Бул уюлдук аппараттар чөнтөкчүлөрдөн сатып алынган. Андан тышкары уурулук фактысына шектелип 1991-жылы туулган Ж.А. жана 1988-жылы туулган Д.А. кармалды. Алардын бири бошотулса, экинчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган телефондордун айрымдары ээлерине кайтарылып берилди", - дешет маалымат кызматынан.
Милиция кызматкерлери шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнүшөт. Байланыш үчүн номерлер: 0 (709) 144-505 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-11-12 07:02:21
Ош базарындагы щипачтар го
+1
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-12 10:35:56
34 телефон табылса шектүү эмес эле нак эле ууру окшойтда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан