Жалал-Абад шаарында барар жери жок жарандар үчүн ачылган түнөк үйү 1-ноябрдан баштап ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Аталган жайда 2 бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жаткырылат.
"Түнөк үйгө кайрылган жарандарга түнөгөнгө орундуктан сырткары 1 маал ысык тамак берилет. Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулган.
Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо орун алып, анын 3 бөлмөсүн “Кайрымдуулук борбор” түнөгөнгө жайы жок адамдар үчүн жатакана катары иштеп келет", - деп билдиришти мэриядан.