Акыркы сутка ичинде өлкөдө дагы 107 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, соңку 24 саат аралыгында Ош, Нарын облустарынын тургундарында илдет катталган жок.
Бишкек - 64;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 20;
Талас облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу –5;
Баткен облусу - 5.
Кыргыз жергесинде коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 182 миң 197 адам жабыркады.
12-ноябрга карата илдеттен айыгып чыккандардын саны 105 болду. Муну менен коронавирус инфекциясынан сакайгандардын жалпы саны 176 миң 615ке жетти.