Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 852 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 73 адам каза болсо, 3 миң 162 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 611 (айыккандар 965);
Санкт-Петербург шаарында - 180 (айыккандар 63);
Москва облусунда - 164 (айыккандар 119);
Свердлов облусунда - 129 (айыккандар 63) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы: 955 миң 749 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 383ү каза болсо, 770 миң 639у айыгып чыкты.