Жугуштуу оорулар ооруканасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
11-майда “Семетей” обсервациясынан "Тез жардам" унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей бала жеткирилген: Анын диагнозу курч энтероколит кан катуу, орточо оор даражада.
Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган (баланын атасынан оң жыйынтыкты эске алып).
Биринчи алынган ПЦР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөткөн. Ал эми кайталанып алынган анализдери оң жыйынтык көрсөттү.
13-майда экөө тең Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган. Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык персоналдар (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген.