ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндүн Шагым айылынын тургуну райондук электр станциясынын ишине нааразы болду

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Өзгөн районунун тургуну кайрылып, аталган аймактагы электр станциясынын ишине нааразычылыгын билдирди.

"Өзгөн районунун Шагым айылынан кайрылып жатабыз. Биз Өзгөн районунун электр станциясына нааразычылык билдиребиз. Себеби трансформатор эски, ай сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз. Тийиштүү мекемелерге кайрылганыбыз менен натыйжа чыкпай келет.

Кечээ дагы Шагым эли каражат чогултуп, трансформаторду оңдоп-түзөөгө беришти. Биз мурунтан бери өз каражатыбызга оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келебиз", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан