Садыр Жапаров Стамбулда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту

Бүгүн, 12-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен жылуу учурашып, аны Өзбекстандын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да мамлекеттик өнүгүүдө маанилүү ийгиликтерге жетишерине ишеним артты", - деп жазылган маалыматта.
Андан сырткары президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү боордош Өзбекстан менен эки элдин кызыкчылыгын көздөгөн ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген.
Өз кезегинде Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирген. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан