Арзыбек Кожошев Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Алар кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси тууралуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп жүрдү.

"Кыргыз Республикасы Орусия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү зарылдыгын жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын", - деди Арзыбек Кожошев.

Тараптар аркылуу илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине басым жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан