Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондор эскерилди (сүрөттөр)

Бүгүн, 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалымдалгандай, чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Ошондой эле алардын ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.

Мындан тышкары президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылды. Бул мелдеш оюну чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын жаркын элесине арналганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан