“Ишеним” саясий партиясына президенттин да, анын жакындарынын дагы эч кандай тиешеси жок

"Ишеним" саясий партиясы айрым массалык маалымат каражаттары жазып жаткан "Ишеним партиясы президент Садыр Жапаровго тиешелүү жана андагы талапкерлер анын жакын адамдары" делген маалыматты четке кагат. Соцтармакта жана айрым ЖМКларда фактыларды аралаштырып, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгында чечмелеп жатышканын белгилейбиз. Партия 2011-жылы түзүлгөнү чын. Бирок, ал учур менен азыркы бийликти байланыштыруу, чындыкка таптакыр дал келбейт. Биз мындай маалыматтардын таркашын шайлоого чейинки бут тосуу деп гана баалайбыз. 2010-2011-жылдардагы саясий оор кырдаал менен ал учурдагы түзүлгөн партияларды бири-бирине байлоо негизсиз. Өзүңүздөр билгендей биздин партиянын талапкерлери буга чейин дагы башка саясий партиялар менен иштешип келишкен. Мындай көрүнүш дээрлик бардык партияларда бар. Эң башкысы биздин партияда, мекени, эли жери үчүн күйгөн Кыргызстандын уул-кыздары талапкер катары баратышат. Биздин максат - элибизге ак кызмат кылуу, так иштөө жана ак сүйлөө! Биз шайлоо алдында жөн гана сөз бербейбиз, биз Жогорку Кеңешке аттанып жатып айткан ар бир сөзүбүзгө ишеним артабыз!

Партиянын тизмесинде креативдүү, билим дэңгээли бийик, тажрыйбасы мол талапкерлер. Буга чейин ар бир талапкерибиз элге кызмат кылып келишкен. Ушул эң негизги критерийлердин бири.

Даярдоочу: «SUPER.KG» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, №109. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 12-ноябрь күнү даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан