Орусия “Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү” долбооруна 3,5 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Аталган министрликтин маалыматы боюнча, бөлүнгөн акча орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө шарт түзүүгө, кесиптик-техникалык билим берүү тармагын жакшыртууга жана чакан гранттарды берүүгө жумшалат.