Өлкө башчы Садыр Жапаров беш өлкөнүн президенттери менен Демократия жана эркиндик аралына барды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын, Кыргыз өлкөсүнүн, Түркиянын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри менен бирге Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземине катышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Салтанаттын соңунда мамлекет башчылары Түрк кеңешинин VIII саммитине катышуу үчүн Стамбулдун түштүк-чыгышында жайгашкан Демократия жана эркиндик аралына барышкан.