Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевге: "Президент керек болсо түнкү саат 3-4тө чалып тапшырма берип турат"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сөздөрүн сынга алган билдирүү жарыялады.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев өлкө башчы Садыр Жапаровдун министрлерди чогултуп, жыйын өткөргөнүн көрө электигин айткан.

"Президенттин министрлерди чогултуп, чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден, президент эл көрсүн деп популисттик жол менен силерге окшоп иш кылбайт.Экинчиден, керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4төрдө телефон чалып же билдирүү менен тапшырмаларды берип турат.

Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт. Негизги министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултат. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасын күн сайын чакырып, ал аркылуу да бир топ тапшырмаларды берип турат.

Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп, акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин. Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок. Негизгиси эл, мамлекет үчүн иш жүрүп жатат. Кыргыз эли айкөл, кечиримдүү элбиз да.

Ошол үчүн сиз бүгүн эл аралап талапкер болуп, эл алдында сүйлөп жүрөсүз.

Сиз азыр элдин таразасына туруп жатасыз. Президент толук, мурун болбогондой таза жана айкын шайлоо өткөрүү боюнча тапшырма берди. Эл күбө: кымындай административдик ресурс бир да тарапка иштетилбей, кийлигишүү жокко эсе! Эл аралык коомчулук да көрүп турат. Бирок президент жооп бербейт деп эле аны бир тараптуу каралоого да жол бербейбиз. Түзүлгөн жаңы өкмөт конституциялык мандатка ээ. Толук кандуу иштеп жатат. Конструктивдүү сын айтылсын. Азыркы абалга кимдер жооптуу экенин элибиз жакшы билет! Акыйнек айтышып, мурункуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы ар кандай асылууларды биз жоопсуз калтырбайбыз. Эл чечсин кимдики чын. Шайлоонун максаты ошондо эмеспи", - деп жазды Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан