Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кабыл алды. Жолугушууда министр саламаттыкты сактоо тармагында медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу  боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу айтып берди. Аталган тармактагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, өлкөнүн алыскы аймактарындагы адистердин жетишсиздиги, инфраструктура жана материалдык-техникалык базанын кемчиликтерин белгилеп өттү. 
 
Алмазбек Атамбаев реформалоону улантып, аталган көйгөйлөрдү чечүү жана медицина тармагына тоскоолдук кыла турган коррупциялык схемаларды жоюу керектигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан