Ошто 63 миллион сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелең айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан маалым болду.
Кожокелең айылындагы №34 Султан Ибраимов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. 225 орунга ылайыкташтырылган мектептин ачылышына президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана тиешелүү кызматтын жетекчилери катышты.
"Аталган мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Каржылоого республикалык бюджеттен 63 миллион сом бөлүнгөн. Жаңы имаратта ашкана, жыйындар залы жана спорт зал каралган. Анда 281 окуучу билим алат. Мектептин эски окуу корпусу 1986-жылы курулуп, авариялык абалда болгон. Буга байланыштуу окуучулар үч нөөмөттө билим алып, окуучулар үчүн кыйынчылыктар жаралып келген", - дешти маалымат кызматынан.
Зиядин Жамалдинов Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары менен жолугушту. Жыйында жергиликтүү тургундар электр мамысын орнотуу, жол маселеси сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты. Ош облусунун башчысы жыйынга катышкан тиешелүү кызмат жетекчилерине айыл тургундарынын көйгөйлөрүн тез арада чечүү тапшырмасын бергени да айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-11-16 10:23:45
Ошон учун губернатор келет деп Папан копуросун нары бери бутуро салышыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан