Бишкек шаарында бир тонна көмүрдү 3 миң сомдон сатып алса болот. Мындай маалымат "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон Бишкектеги Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде сатылууда. Анда бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр гана сатылат. Кийинчерээк бул чектөө алып салынат.
Ал эми башка региондорго 3 миң сомдон сатуу жакын арада чечилери күтүлүүдө.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.