Садыр Жапаров: "Укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын бизнести негизсиз текшерүүнү токтото алдык"

Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Анда мамлекет башчы сүйлөп жатат.

"Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийликтин ортосундагы эффективдүү диалогу катары коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүүнү ишкерлер, инвесторлор, илим жана билим мекемелери колдоого алышты. Чоң системалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы ченемдер киргизилди. Бизнес коомчулугу, билим берүү мекемелери артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ишкерликти коргоо боюнча эки жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын бизнести негизсиз текшерүүнү токтото алдык", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан