Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отуруму өттү. Анда президент отурумдун аягында сөз сүйлөдү.
"Биз бүгүн "Мегаком" компаниясы боюнча эл аралык сотко берген компанияны утуп алдык. Алар 297 миллион долларга доо коюшуп, сотко берген. Бул иш 10 жылдан бери бүтпөй келе жаткан. Эмне үчүн бүтпөй келген? Анткени мамлекеттин жогорку деңгээлдеги коррупционерлери соодалашып келген. Биз эл аралык сотко барып далилдерди көрсөтпөйлү, жакшы сүйлөбөй эле коёлу силер утуп аласыңар доонун бир нече пайызын которуп бересиңер деп келишкен. Биз соодалашкан жокпуз. Ошондуктан 10 жылда бүтпөй келе жаткан иш 1 жылга жетпей бүттү", - дейт Жапаров.