Бишкек-Ош жолундагы кырсык. 7 адам каза болуп, дагы 9 адам ооруканага жеткирилди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон. Алардын үчөө эркек, төртөө аял, ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Шаматов жана Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан 7 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alimbek94
2021-11-16 14:24:48
Шашпай жай эле айдасанар аман-эсен жетмексинер.
+1
Asmat84
2021-11-16 14:35:19
Иий кудайым ай дагы кайсы бир тууганымды боздодтуң экен ай. Түнү деле эмес экен оң рулдуу унаа деле аралашпаптыр. Каап жаман иш болуптур. Сабыр кылгыла эми сабр
+7
nurik73
2021-11-16 16:00:47
машина айдагандар смертник болуп бара жатасынар ойлонгула адамдардын убалына калбагыла. силердин да ата эненер бир туугандарынар бар. акча табылат шашпай айдасанар деле
+4
Lev79
2021-11-16 20:35:41
Праваны саткыла дагы Кесепети ушул. Кыргызстанда 80% водительдер жол эрежесин билишпейт.
+3
Akjol18
2021-11-16 20:41:40
Lev79,туура айтасың.80% деле көп окшойт.Россиядан барып 4ай сөгүнүп эле келдим жолдо.Правиланы сактабайт эч ким ГАИ лер үчүн эле жазылгансып ошолорду көргөндө сактамыш болушат.Айдоочулук маданият 0%,бирин бири сыйлабайт.
+2
Akjol18
2021-11-16 20:42:41
Айдоочулардын маданияты,түшүнүгү жогоруламайынча жол кырсыгы азайбайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан